Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинеөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 16-майында кабыл алган.

Ал аудио-, аудиокөрмө өндүрүмдөрүн, электрондук эсептөө машиналарын жана маалымат базаларын сатуу эрежелерин бузгандыгы үчүн, ошондой эле автордук жана чектеш укуктарды бузгандыгы үчүн жарандарга жана кызмат адамдарына салына турган администрациялык айыптын өлчөмүн көбөйтүүнү карайт.

Мындан тышкары аталган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укук берилген жактар катары интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү, маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныкталган.

Ошондой эле тексттердин мамлекеттик жана расмий тилдердеги шайкеш келбестиктерин жокко чыгаруучу редакциялык мүнөздөгү айрым түзөтүүлөр киргизилген.

Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 25-июнь