Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2005-жылдын 24-октябрындагы «Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Жарлык класстык чендерди ыйгаруу жана мамлекеттик кызматкерлерди аттестациялоо жүргүзүү жол-жоболорун “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Жарлык менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине класстык чендерди ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү тартиби жөнүндө жобого түзөтүүлөр киргизилген.

Класстык ченди ыйгаруу ээлеген кызматына шайкештигине аттестациянын натыйжалары боюнча гана жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу квалификациялык сынакты тапшыруунун натыйжалары боюнча класстык ченди ыйгарууну жокко чыгарган өзгөртүүлөр киргизилди. Ушундай эле өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү тартиби жөнүндө жобого да киргизилди.

Киргизилген өзгөртүүлөр актуалдуу болуп саналат жана класстык чендерди ыйгаруунун жана мамлекеттик кызматкерлерди аттестациядан өткөрүүнүн колдонуудагы жол-жоболорун оптималдаштыруу максатын көздөйт. 

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 25-июнь