Бүгүн, 2013-жылдын 26-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташтуу жөнүндө макулдашууну жана 2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган «Манас» эл аралык аэропортундагы Транзиттик ташуулар борбору тууралу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, жогоруда аталган Макулдашуулар 2014-жылдын 11-июлунан тартып денонсацияланат, ал эми Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнө макулдашууларды денонсациялоо жөнүндө маалымдоо тапшырмасы берилди.
Мыйзам расмий жарыялангын күндөн тартып күчүнө кирет.
Мыйзамдын тексти >>>.