Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө № 8107-KGZ (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4) Макулдашуу-Катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кееши тарабанын 2013-жылдын 30-майында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө Азия Өнүктүрүү Банкына билдирсүүгө тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мыйзамдын тексти >>>.