Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо долбоорун каржылоо боюнча Кыргызстан менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуу жана Гранттык макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республиксынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган «Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялыкмакулдашуу жана «Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 30-майында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду кыргыз тарап аткаргандыгы жөнүндө Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкына кабарлайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 26-июнь