Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 11-декабрында Берлин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт–на-Майне ортосундагы “Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III-Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү” долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 13-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө KfWга билдирүүгө милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мыйзамдын тексти >>>.