Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнүн россиялык программасынын” READ) долбоорунун экинчи фазасын каржылоо боюнча Макулдашуу-каты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 13-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду кыргыз тарап аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) белгиленген тартипте маалымдоого милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мыйзамдын тексти >>>.