Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-октябрындагы № 480 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү  жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Бул актыны кабыл алууга негиз “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин ченемдери болуп саналат. Аларга ылайык Ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 1-июль