Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн имаратын капиталдык оңдоого каражат бөлүндү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн имаратын капиталдык оңдоого каражаттарды топтоо максатында “Бала-Бакыт, Эне-Ырыс” аттуу кайрымдуулук марафонунун жүрүшүндө «Төрөт үйү» коомдук фондуна берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүндү.

2013-жыл 2-июль