Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 30-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты климаттын өзгөрүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине ылайык «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлаштыруу боюнча аракеттерди укуктук камсыздоо болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 2-июль