Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолордукиргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 30-майында кабыл алган.

Ал Кыргыз Республикасынын жазык сот өндүрүшүндө бөгөт коюу чараларын тандоо же өзгөртүү жөнүндө маселелерди кароодо судьялардын көз карандысыздыгын күчөтүү максатын көздөйт. 

Аталган максатты жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 106-беренесинин 1-бөлүгү ченем менен толукталган, ага ылайык мамлекеттик саясый жана муниципалдык саясый кызматты ээлеп турган адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө жеке кепил болуп чыгууга тыюу салынат.

Мындан тышкары 122-берене ушул эле адамдарга сотто бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнмө жасоого тыюу салган жобо менен толукталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 3-июль