Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2013-жылдын 4-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта мындай деп белгиленет:

Жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн, 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын жергиликтүү кеңеши, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңеши, Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңеши таркатылсын.

Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2013-жылдын 18-августуна дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн. 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 4-июль