Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 30-майында кабыл алган.

Ал 2008-жылдын 7-майындагы № 78 “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамдын текстиндеги редакциялык мүчүлүштүктү четтеткен колдонуудагы мыйзамдын 29-беренесинин 3-бөлүгүнө толуктоо киргизет.

Түзөтүү ар кандай түшүнүп калууну жокко чыгарат жана депозиттерди коргоо тутумунда милдеттүү катышуу үчүн жаңы түзүлүп жаткан коммерциялык банктардын биринчи календардык взносун эсептөө формуласын тактайт. 29-берененин 3-бөлүгүнө киргизилген толуктоо маанилерди жылдык 0,2 % өлчөмүндөгү пайыздык ченге көбөйтүүнү айта кетүү менен Депозиттерди коргоо фондуна биринчи календардык взносту эсептөө формуласын кыйла адекваттуу жана адилет түргө келтирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 5-июль