Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 30-майында кабыл алган.

Ал ишмердиктин бул түрлөрүн милдеттүү патенттин негизинде салык алуунун атайын режимине которуу жолу менен чач тарач (сулуулук салону) кызматын көрсөтүүчү, менчик стоматологиялык кызмат көрсөтүүчү жана жарнак такталарын ижарага берүү ишкерлик субъекттерин салыктык администрациялоону жөнөкөйлөштүрүү жана алардан  бюджетке салык төлөмдөрүн көбөйтүү максаттарын көздөйт.

Салык кодексине төмөнкү толуктоолор киргизилет:

а) 348-беренеге, аларга ылайык,  чач тарач жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүсү, менчик стоматологиянын кызмат көрсөтүүсү, жарнак такталарын ижарага берүү кызмат көрсөтүүсү милдеттүү патенттин негизинде салык алынуучу ишмердик түрлөрүнүн тизмесине киргизилет;  

б) 349-беренеге ылайык кызмат көрсөтүү менен байланышкан ишкердик ишмердикке патенттик негизде төлөнүүчү салыктын төмөнкүдөй чендери белгиленет: чач тарач жана сулуулук салондору (1 отургузуучу орун үчүн 2000 сом суммасында); менчик стоматология (1 отургузуучу орун үчүн 5000 сом); жарнак такталарын ижарага берүү боюнча (1 жарнак тактасы үчүн 5000 сом).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бир айлык мөөнөттө чач тарачтардын, сулуулук салондорунун жана жарнак такталарынын кирешелүүлүк деңгээлин жана жайгашкан жерин эске алуу менен ушул мыйзамга ылайык келтирүүсү тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 5-июль