Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 30-майында кабыл алган.

Бажы кодексинин 286-беренесинин 1-пунктуна киргизилген толуктоого ылайык декларант катары “товарлардын түздөн-түз ээлери же алардын ишеним каттын негизинде иш жүргүзүүчү өкүлдөрү” чыга алат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 5-июль