Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы болуп кайра аталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  ишин финансы жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылган мамлекеттик орган болуп саналгандыгын эске алуу менен, анын ишинин андан ары жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциянын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен, токтом кылынат: 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы болуп кайра аталсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүүгө тийиш.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 6-июль