Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө», ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө» Жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээлегенге чейин узартылды:

- Азимжанов Мадамин Низамидинович - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун судьясы - 2013-жылдын 6-июлунан баштап;

- Даркимбаев Таалайбек Кадыралиевич - Ысык-Көл облусунун Райондор аралык сотунун судьясы  - 2013-жылдын 6-июлунан баштап;

- Аксамаев Эмил Маликович - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы - 2013-жылдын 14-июлунан баштап.

Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 8-июль