Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Европалык Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош-Исфана» автожолун калыбына келтирүү долбоору боюнча грант берүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү – жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/ЕВSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Европалык Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кабарлоого милдеттүү.  

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 8-июль