Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Коопсуздукка көмөктөшүүчү эл аралык күчтөрүнүн Кыргызстандын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргызстандын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2012-жылдын 22-майында Чикаго шаарында (АКШ) кол коюлган Коопсуздукка көмөктөшүүчү эл аралык күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу (темир жол, автомобилдик) жүктөрүнүн транзитине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Түндүк Атлантика Келишим Уюмуна Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 8-июль