Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айдарбек Алымкулов Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «А.Б. Алымкулов жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Алымкулов Айдарбек Бекишович өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 8-июль