Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алган.

Башка адамдарга ВИЧ-инфекциясын жуктурууга жол берген медицина кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жазаны күчөтүү каралган.

Алсак, Кылмыш-жаза кодексинин 117-беренеси төмөнкүдөй редакцияда берилген:

 “117-статья. ВИЧ-инфекциясын жуктуруу

(1) Билип туруп башка адамды ВИЧ-инфекциясын жуктуруу коркунучуна туш кылганда, - 

үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Өзүндө ал оорунун бар экендигин билген адам ВИЧ-инфекциясын башка адамга жуктурганда, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундар эки же андан ашык адамга же болбосо жашы жетпегенге карата жасалганда, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(4) Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбаганынын кесепетинен ВИЧ-инфекциясы башка адамга жукканда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган жосунду жасаган адам, эгерде ВИЧ-инфекциясы жугуу коркунучунда калган башка адам биринчи адамдын мындай оорусу бар экендиги жөнүндө өз убагында эскертилсе жана жугузуу коркунучун түзгөн аракеттерди жасоого ыктыярдуу макул болгон учурда кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат”. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 10-июль