Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алган.

Ал жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигин кылмыш-жазасын күчөтүү жолу менен коргоо максатын көздөйт.  

Аталган максатты жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй түзөтүүлөр киргизилген:

-  63-статьянын 7-бөлүгү ага ылайык жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш жасаган адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбай турган ченем менен толукталган;

  - 129-статья (зордуктоо) жаш кызга карата жасалганда 15тен 20 жылга чейин, ал эми ошол эле жосун жашы жете элек кызга карата жасалганда 20 жылга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазалоону белгилөө менен жаңы редакцияда берилет;

- ушуга окшогон түзөтүүлөр 130-статьяга (сексуалдык мүнөздөгү күч колдонуу аракеттери)да киргизилген;

- 131-статьяда (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) жазалоонун альтернативалуу түрү – айып алынып салынат, ошол эле учурда бул статья 2- жана 3- бөлүктөр менен толукталган. Аларга ылайык жашы жете электерди сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө (жаш кыз-балдарга карата жасалганда 5 жылдан 8 жылга чейин) эркиндигинен ажыратууга 3 жылга чейин педагогикалык же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жазаланат; 

- 133-статья  плас аракеттер) жаңы редакцияда баяндалат, ага ылайык  18 жашка чыга элек адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда, - 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ошол эле учурда ушундай эле жосундар жаш кыз-балдарга карата жасалганда, - 3 жылга чейин педагогикалык же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 5 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат;

- 260- (сойкулук жасоого тартуу) жана 261- (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) статьялар ага ылайык бул жосундар жашы жете электерди тартуу менен жасалса, 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, ал эми жаш кыз-баланы тартуу менен жасалса, 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 10-июль