Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду (“Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине).

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алган.

Ал этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жаатындагы ишкердик субъекттерин колдоо жана жашы жете электерге алкоголдук продукцияны саткандыгы жана тиешелүү лицензиясы (уруксаты) жок соода кылгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү максатын көздөйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 22-июль