Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алган.

Ал «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын каржы отчеттуулугун көз карандысыз аудит жүргүзүүнү жөнгө салуучу айрым жоболорун өркүндөтүү максатын көздөйт.  

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 22-июль