Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 13-июнунда кабыл алган.

Ал ченемдердин карама-каршылыгын жана кайталануусун жокко чыгарууга багытталган бир катар жоболорду тактоо максатында, ошондой эле Өкмөттүн тутумунда иш-милдетин аткарган мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу үчүн кабыл алынган.

Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 22-июль