Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Ал Японияны жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилген чет мамлекеттердин тизмесине киргизет. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 22-июль