Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 13-июнунда кабыл алган.

Ал мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңеште тааныштыруу үчүн Өкмөттүн расмий өкүлдөрү болуп дайындала турган кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктайт.  

Алсак, эгерде колдонуудагы ченем кызмат адамдарын конкреттештирбестен жалпылаштырылган формулировкага ээ болсо, толуктоого ылайык Өкмөт киргизген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште тааныштыруу үчүн министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же болбосо алардын биринчи орун басарларынан, статс-катчыларынан, орун басарларынан, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнөн расмий өкүл дайындалат.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 32-беренесинин 5-бөлүгүнөн Жогорку Кеңештин, парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынын, депутаттык фракциялардын, комитеттер менен комиссиялардын (расмий дайындоосуз) отурумдарында алып баруу маселелерин караган учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун Өкмөттүн атынан чыгуу укугу алынып салынат.

Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 22-июль