Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Асанбек Алымкожоев Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысы болуп дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 24-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Алымкожоев Асанбек Тунгучпаевич Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысы болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Имаев Мирбек Кожобекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысынын кызматынан бошотулду.

 

2013-жыл 24-июль