Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 13-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексиндеги айрым ченемдердин тексттеринин мамлекеттик жана расмий тилде шайкеш келбегендигин жокко чыгарууга багытталган.

Аталган максатты ишке ашыруу үчүн Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2 бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстин расмий тилдеги текстке шайкеш келтирүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзам тексти >>>.

2013-жыл 25-июль