Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 13-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлорду контролдоо ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган.

Аталган максатты ишке ашыруу үчүн "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Мыйзамдын 6-беренеси (баңги заттарды контролдоо боюнча тиешелүү органдын ыйгарым укуктары) төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталат:

"- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, пайдаланууга  сатууга (экспортту жана импортту кошуп алганда берүүгө сатууга), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке лицензия берүү.".

Ошондой эле, милдеттүү түрдө лицензиялана турган ишмердүүлүктүн тизмесин камтыган «Лицензиялоо жөнүндө» Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгү  төмөндөгү мазмундагы 37-пункт менен кошумчалат:

"баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга (экспортту жана импортту кошуп алганда берүүгө, сатууга), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке.".

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 25-июль