Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Тышкы миграция жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Визалык режимди либералдаштыруу максатында “электрондук визаны” – чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга электрондук тартипте, анын ичинде Интернет тармагы аркылуу берилүүчү документалдык тастыктаманы киргизүү каралууда. Мунун болушу Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында жүрүүгө, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана ал аркылуу өтүүгө уруксат берет.

Электрондук визаны тариздөө жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктары белгиленген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 26-июль