Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 13-июнунда кабыл алган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объектилерин коргоо, мыйзамдардын бул чөйрөдөгү талаптарын бузууларды болтурбоо жана бөгөт коюу максатын көздөйт.

Аталган максаттарда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине тарыхый жайларды уурдап-тоноо, өзгөчө тарыхый, илимий, көркөм жана маданий баалуулукка ээ буюмдарды же документтерди уурдоо, ошондой эле тарыхый-маданий маанидеги объекттер үчүн жооптуу кызмат адамдарынын жана юридикалык жактардын аракеттери жана аракетсиздиги үчүн жоопкерчиликти белгилеген толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 26-июль