Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик уставына шилтеме жасоо менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни расмий аткарылганда формалык кийим кийип жүрүү каралган аскер кызматчылары жана башка адамдарга талаптар белгиленген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 26-июль