Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзам ыйгарым укугу бар мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик кадр кызматы чөйрөсүндө мурда мамлекеттик кызматта турган жана терс негиздемелер менен иштен бошотулган адамдар жөнүндө маалыматты тутумдаштыруу үчүн мыйзамдык негизди түзүү максатын көздөйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 26-июль