Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Ал ыйгарым укугу бар мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик кадр кызматы чөйрөсүндө мурда муниципалдык кызматта турган жана терс негиздемелер менен иштен бошотулган адамдар жөнүндө маалыматты тутумдаштыруу үчүн мыйзамдык негизди түзүү максатын көздөйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 26-июль