Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптерин жана чектөө белгилөөнүн укуктук негиздерин аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 26-июль