Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду  жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алган.

“Кыргыз Республикасында сүткорлук ишмердикти чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы менен ага ылайык талап кылынган түзөтүүлөр Граждандык кодекстин II бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдары жөнүндө» Мыйзамга киргизилген.

Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй ченемдер киргизилген:

-       Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө – эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүсү жөнүндө милдеттүү ченем, ошондой эле заем келишими боюнча сүткорлук пайыздык коюмдарды колдонуунун кесепеттери.

-       «Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдары жөнүндө» Мыйзамга – пайыздык коюмдарды сүткорлукту чектөө жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен белгилөө. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 26-июль