Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасында гарантиялык фонддорду түзүүнүн жана алардын ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 1-август