Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алган.

Кылмыш-жаза жана Жазык-процессуалдык кодекстерине, ошондой эле “Аксакалдар соту жөнүндө” мыйзамга кылмыш-жаза иштерин кароого укугу бар соттордун, прокурорлордун жана башка укук коргоо органдарынын коомдон бөлүү менен байланышпаган жазаны караган оор эмес кылмыштар боюнча токтотулган кылмыш иштери боюнча аксакалдар соттору менен өз ара аракеттерин жөнгө салган түзөтүүлөр киргизилет.

Алсак, бул максаттарда Жазык-процессуалдык кодексинин 29-беренесине жана “Аксакалдар соту жөнүндө” мыйзамдын 15- жана 18-беренелерине алар үчүн коомдон бөлүү менен байланышпаган жаза каралган оор эмес кылмыштарды жасаган адамдарга карата материалдарды аксакалдар сотуна өткөрүп берүү менен кылмыш ишин токтотууну караган тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелеринде жазалоонун эркинен ажыратууга альтернативалуу түрлөрүн кеңейтүү (коомдук жумуштар, айып, эркиндигин чектөө, түзөтүү жумуштары ж.б.)  сунушталат.

Андан ары аксакалдар сотун күчөтүү жана алардын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында мыйзам менен жаш курак цензи – 50 жаш жана андан арыга жогорулатылган, билим цензи – аякталган жалпы орто билими болуусу жана отурукташуу цензи – аталган аймакта 5 жылдан кем эмес жашоо талабы киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 1-август