Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлоо алдындагы үгүттөөнү өткөрүүгө, ар кандай үгүт материалдарын тарткатууга укугу жок адамдардын  тизмесинен алынып салынат.

Бул өзгөртүүнүн зарылдыгы Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында саясый көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук таанылгандыгы жана саясый партиялардын башкы максаты коомдун коомдук-саясый турмушуна, калктын саясый, демократиялык маданиятын калыптандырууга жигердүү катышуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жигердүү катышуу экендиги менен негизделет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 1-август