Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Ал билим берүү тутумун өнүктүрүү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Аталган максаттарда төмөнкүлөр каралган:

- түшүнүк аппаратын билим берүү жаатында азыркы учурда колдонулган төмөнкүдөй аныктамалар менен толуктоо: коллеж, толук эмес мектеп, жалпы билим берүүчү мектеп, окуу-тарбия комплекси, мектеп-гимназия, мектеп-лицей ж.б.;

- мектепке чейинки билим берүү менен камтылбаган балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн жалпы билим берүүчү уюмдардын статусун аныктоо жана мектеп босогосундагы даярдык түшүнүгүн киргизүү;

- окуучуларды тарбиялоо процессинде ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жана окуу жайларынын жоопкерчилигин күчөтүү;

- билим берүү тутумун өркүндөтүүгө багытталган жана башка чаралар.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>. 

2013-жыл 1-август