Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзам “Энергияны сактоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттери жана милдеттенмелери менен  кабыл алынган “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” мыйзамына шайкеш келтирүүнү карайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>. 

 

 

2013-жыл 1-август