Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Салык кодексине толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алган.

Ал дипломатиялык кызматынын кызматчыларын, мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди – КР чет өлкөдөгү мекемелеринде , ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан КР мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүндө же эл аралык уюмдарда иштеген КР жарандарын акчалай күтүүдөн киреше салыгын алып салуу максатын көздөйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 1-август