Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алган.

Ал бюджеттин киреше бөлүгүн тамеки буюмдарына акциздерди өзгөртүүлөрдүн жана салык администрациялоосун жакшыртуунун эсебинен толтуруу максатын көздөйт. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.  

2013-жыл 1-август