Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Ал ишкердик ишти жөнгө салуучу кабыл алынып жана колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылардын атаандашуусуна таасир этүүчү баа берүү механизмин кийирүүгө, ошондой эле товардык базарларда атаандашууга чек коюуга жол бербөө жана базарды монополиялаштырууга жол бербөө максатын көздөйт. Бул болсо ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болмокчу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 1-август