Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам  адамдардын, баарынан мурда балдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу, оюнчук өндүрүүчүлөрдүн, ташып жеткирүүчүлөрдүн жана сатуучулардын керектөөчүлөрдү адашууга алып баруучу аракеттеринин алдын алуу максатын көздөйт.

Мыйзам “Кыргыз Республикасдагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” мыйзамына ылайык кабыл алынган жана оюнчуктардын, аларды чыгаруу, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу минималдуу талаптарды белгилейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 1-август