Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алган.

Мыйзам жарандарга жыйындарды өткөрүү учурунда; алкоголдук, баңгилик же токсикоманиялык мас абалында; билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, алкоголдук азык-түлүк саткан коомдук тамактануу уюмдарынын аймагында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүгө тыюу салат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>. 

2013-жыл 1-август