Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Ал Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын 2004-жылдын 8-августундагы № 110 “Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жоболору менен шайкеш келтирүүгө багытталган. Бул мыйзам менен Арбитраждык процессуалдык кодекс күчүн жоготту деп табылып, анын жоболору Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине киргизилген. 

Токой кодексине, Аба кодексине, “Адвокаттык ишмердик жөнүндө”, “Администрациялык жол-жоболор жөнүндө”, “Банктарды консервациялоо, жоюу жана кудуретсиздендирүү жөнүндө”, “Ишкерлердин укугун коргоо жөнүндө”, “Кыргызстан Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Көмүр жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө”, “Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө”, “Суу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 1-август