Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алган.

Ал «Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мобилизациялык даярдык жана мобилизация  жаатындагы ыйгарым укуктары боюнча шайкеш келтирүү максатын көздөйт.   

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 1-август