Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Чет мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын принциптерин жана максаттарын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин негизги багыттарын аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 6-август